Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы алгачкы атаандашын жеңди

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова беттешин баштады.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмактагы биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен беттешти. Тыныбекова аны 5:1 эсебинде жеңип алды.