Айсулуу Тыныбекова Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлык тапшырып жатат.

Сыйлык тапшыруу аземинде Олимпиада оюндарында күмүш медалды алган спортчу Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөп, Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди. «Буюрса, ден соолук берсе, Парижде боло турган Олимпиада оюндарына катышам»,- деди ал.