Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алды.

Ал 20-сентябрда Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Балбан Польша, Молдова, Украина жана Германиянын спортчуларын төрт жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

21-сентябрда боло турган финалдык беттештин жыйынтыгына карабастан, Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Буга чейин Олимпиаданын лицензиясын Айпери Медет кызы жеңип алган.