Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубоктун финалына чыкты

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубоктун финалына чыкты.

Жарым финалда анын атаандашы орусиялык Любовь Овчарова болду. Эсеп кыргыз балбанынын пайдасына 13:2 эсебинде болду. Буга чейин Тыныбекова чейрек финалда жана 1/8 финалда атаандаштарын ишенимдүү түрдө 10:0 бирдей эсеп менен утуп алган. Анын атаандаштары Түркия менен Румыниянын спортчулары болгон.

Финалда Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келет. Финал бүгүн 15-декабрда орун алат.