Балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага даярдануу үчүн социалдык тармактардан баш тартты

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактардан убактылуу баш тартат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Тыныбекованын айтымында, ал Олимпиада оюндарына алаксыбай даярданышы керек. “Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары жакындап калды. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда. Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм. Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Социалдык тармактардагы баракчаларымды колдонууну токтото турам”, – деп жазды Тыныбекова.