Айсулуу Тыныбекова 2025-2029-жылдарга карата UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Бул шайлоо Загребде өткөн Дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген дээрлик 400 балбан добуш берди.
Комиссиянын курамына ар кыл континенттерден 9 спортчу кирди:
UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу бул чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW Бюросунда жана Конгрессинде жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Комиссия дүйнөлүк деңгээлдеги чечимдерге таасир этүүчү маанилүү платформа болуп саналат.