Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open рейтингдик турниринин жеңүүчүсү болду

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Бул күндөрү Загребде 2024-жылдын биринчи рейтингдик турнири өтүүдө.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан старт алды.

Кыргызстандык кыз алгач эле америкалыкты жеңген, андан кийин Кытайдын өкүлүн жеңип алды. Чейрек финалда Тыныбекова орусиялык Алина Касабиеваны утуп алса, жарым финалда акыркы секунддарда япониялык Сакура Мотокиден жеңишти тартып алды.

Чечүүчү беттеште Тыныбекова дагы бир америкалык Кайла Миракл менен кез келип, аны 7:0 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.