Айсулуу Тыныбекованын 2009-жылдагы беттешинин видеосу жарыяланды

Спорт журналисти Тахир Гафуров Айсулуу Тыныбекованын 2009-жылдагы беттешинин видеосун жарыялады.

«Айсулуу Тыныбекова — Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, Азиянын алты жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси. Баары ушинтип башталган. Биринчи беттештер. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу»,- деп жазды ал.