Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу канча айлык алат?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев спортчулардын ийгиликке жетишине машыктыруучунун да салымы бар экенин белгилеп, алардын айлыгы тууралуу кеп кылды.

«Машыктыруучулардын иштеген ишине, спортчунун көрсөткүчүнө жараша болот. Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу катары айына 80 миңден 100 миң сомго чейин алат. Бул баштапкы ставкадан баштап, көрсөткүчтөрүнө жараша», — деди Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Мелис Тобокелов.