Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарынан кийин калыбына келе электиги маалымдалды

«Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынан кийин акырындап калыбына келип жатат. Бул спортто болуп турат». Бул тууралуу кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

«Чоң спортто форманы бир калыпта кармап жүрүш кыйын. Биздин кыздар акырындап калыбына келет деп ойлойм. Айсулуу Тыныбекованын дагы беттештерге чыгабы же жокпу башкы машыктыруучу менен отуруп, сүйлөшүш керек. Жылды ушул менен аяктайбыз», — деди ал.