Акжол Махмудов 2022-жылдын мыкты балбаны болду

Балбан Акжол Махмудов 2022-жылдын мыкты балбаны болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азиядагы өкүлчүлүгү (UWW Asia) социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Уюм олимпиадалык стиль боюнча 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбанын аныктап, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов мыкты болду.

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси.