Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргызстандык Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.

Турнир 9-апрелде Астанада башталды. Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштап, түркмөнстандык балбанды жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык япониялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Финалда анын атаандашы ирандык балбан болмокчу.