Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону болду

Semifinals GR 77kg Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Азия чемпиону болду. Ал бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, беттешти 1/4 финалдан баштаган.

Ал алгач эле Ирандын спортчусу менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда 9:1 эсеп саны менен жеңип алган. Андан соң, кореялык спортчуну 4:1 эсебинде жеңди. Ал финалдык беттеште казакстандык спортчу менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңил алды.

Бул медаль бул турнирде Кыргызстан үчүн экинчиси болду. Буга чейин Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болгон. Ал эми Акжол Махмудов 2018-жылы Азия чемпиону аталган.