Акжол Махмудов бир тууганынын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды (видео)

Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпиону болду.

Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда 21-22-январда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча биринчилиги өттү. Анда 26 жаштагы Сыймык Махмудов да күч сынашып, финалда Дастан Кадыровду жеңип, чемпион аталды.

Махмудовдордун үй-бүлөсүндө үч бир тууган тең күрөш менен алектенишет: Бексултан, Сыймык жана Акжол.