Акжол Махмудов: «Бул ийгилик ынтымактын жана биримдиктин арты менен келди»

Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов алтын медаль тагынды. 22-сентябрда балбан алтын үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешти. Махмудов аны жеңип, Дүйнө биринчилигин экинчи жолу катары менен жеңип алды. Ал Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо да утуп алган.

Ал жеңишинен кийин кайрылуу жасады. «Мекендештерим, бардыгыңыздарга чоң рахмат. Сиздердин дубаңыздар менен чоң ийгиликке жетишип турабыз. Үй-бүлөмө, ата-энеме, агайларыма ыраазычылыгымды билдирем. Бул ийгилик ынтымактын жана биримдиктин арты менен келди«, — деди ал.