Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 4-орунга түштү

Кыргызстандык спортчу, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 4-орунда. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Махмудов Ослого барган жок жана турнирдин жыйынтыгы боюнча 2-орундан 4-орунга түштү. Анын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан Олимпиададан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жатканын белгилеп, азырынча эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирген болчу.