Акжол Махмудов: «Финалда мага ишенимдүүлүк жеткен жок. Тактикалык ката кетирдим»

Бүгүн, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар кайтып келишти. Спортчулар журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Олипиада оюндарында күмүш медаль алган спортчу Акжол Махмудов журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ага финалдык беттеште ишенимдүүлүк жетпегенин, тактикалык ката кетиргенин айтты.

«Финалда чынын айтсам мага ишенимдүүлүк жеткен жок. Тактикалык жактан ката кетирдим. Менде утканга бардык мүмкүнчүлүк болгон. Бирок чындыгында, атаандашым күчтүү экен. Мен өзүмө  ишенген жокмун. Колумдан келгендин баарын көрсөтө алган жокмун. Бул нерсе да мага чоң сабак болду. Мен сөз берем, кийинкисинде мындай ката кетирбейм»,— деди ал.