Акжол Махмудов Германияда өтчү дүйнөлүк турнирге учуп кетти

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Германияда өтчү дүйнөлүк турнирге катышуу үчүн учуп кетти. Аталган турнирди германиялык балбан Франк Штеблер карьерасынын жыйынтыктоосуна арнап өткөрүүдө.

«Тилекке каршы, досум Рафик Гусейнов (азербайжан балбаны) жаракат алып, операция жасоого туура келди. Андыктан анын ордуна Олимпиада оюндарынын вице-чемпиону Акжол Махмудов кыска убакытта беттешүүгө макул болуп, Кыргызстандан келмекчи. Ага чоң ыраазычылык!» — деп жазган германиялык балбан.

Маалыматка ылайык, Германияда немис балбаны Франк Штеблердин карьерасынын жыйынтыкталышына арналган турнир 18-июнда өтмөкчү. Турнирде германиялык балбандар чет өлкөлүк балбандар менен беттешет. Акжол Махмудовдун атаандашы германиялык балбан Паскаль-Айзель болмокчу. Кыргыз балбаны бүгүн Германияга учуп кетти.