6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды. Мелдештин алкагында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов мыкты жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан мелдешти 1/8 финалдан баштады. Турнирдин жүрүшүндө Махмудов Япония, Казакстан жана Өзбекстандын балбандарын жеңип, финалга жолдомо алды.
Ал эми финалдык беттеш 7-апрелде өтөт. Анда Акжол Махмудов алтын медаль жана Азия чемпиону наамы үчүн Ирандын өкүлү Али Забихолла Оску менен күч сынашат.