Акжол Махмудов жаш балбандар менен машыгуу өткөрдү (видео)

Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов кечээ Оштогу спорт клубдарынын биринде жаш балбандар менен машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу күрөш федерациясы социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

«Биздин чемпион балдар менен болгон билимин бөлүштү жана аларга келечектеги спорттук карьерасында сөзсүз жардам бере турган ыкмаларды үйрөттү», — деп белгилешти федерациядан.