Акжол Махмудов Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту (сүрөт)

Кыргызстандын жаштар курама командасы Париж Олимпиадасынын коло медалынын ээси, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын 3 жолку чемпиону, балбан Акжол Махмудов менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Балбан оюнчулар менен спорттогу өз тажрыйбасы менен бөлүштү. «Өз кезегинде оюнчулар аларды кызыктырган суроолорду берип, маек курушту»,- деп айтылат маалыматта.