Акжол Махмудов: «Машыктыруучуларым туура көрсө, быйыл үйлөнсөмбү деп ойлогом»

Бүгүн, 15-сентябрда Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна катышкан спортчулардын биринчи бөлүгү Бишкекке кайтып келишти.

Аэропортто уюштурулган маалымат жыйында SuperTVнын кабарчысы балбан Акжол Махмудовго «Финалдык беттеште машыктыруучуңузга аты жок бармагыңызды көрсөттүңүз, муну фанаттар жакында үйлөнөт окшойт деп болжошууда. Бул боюнча кандай комментарий бересиз?» деген суроо узатты. Дүйнө чемпиону болгон балбан«Ооба, машыктыруучуларым жана үй-бүлөм Дүйнө чемпиондугун утсаң, үйлөнөсүң дешкен, мен өз сөзүмдү кармадым, эми…» деп сүйлөмүнүн аягын сыр кылып, андан соң «Машыктыруучуларым туура көрсө, быйыл үйлөнсөмбү деп ойлогом» деп жооп берди.

Акжол Махмудов 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнө чемпиону болду. Соцтармактын колдонуучулары беттеш аяктаган соң дароо балбан жеке машыктыруучусуна чуркап келип, оң колундагы аты жок манжасын көрсөткөнүн байкашкан.