Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши 2022-жылдын май айында өтөт

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши 2022-жылдын май айынын аягында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу спортчулар Инстаграмдын түз эфиринде макулдашышты.

«Кечинде беттешебиз, салкын болот. Андыктан үшүбөш үчүн майдын аягында беттеш өткөргөнүбүз оң», — деди Акжол Махмудов.

Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону Роман Власов Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен беттешүүгө даяр экенин билдирип, беттешке чакырган. Кийинчерээк беттештин Бишкекте өтөрү болжолдонгон.