Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Алматыда өтөт

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власовдун беттеше турган жери белгилүү болду. Ал 26-апрелде Алматыда Поддубный Wrestling League эл аралык күрөш лигасынын кезектеги кечесинин алкагында өтөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 12 күрөштөн турган турнирге Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдова, Орусия жана Япониянын балбандары катышат.