Махмудов менен Власовдун эки жылдан бери күтүлгөн беттеши апрелде өтөт

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши ушул жылдын апрель айында өтөт.

Беттеш Poddubny Wrestling League лигасынын кийинки кечесинин алкагында өтөт. PWL-4 программасында эркин, аялдар жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн мыкты балбандарынын 10дон ашык беттеши пландалган. Кеченин негизги беттеши 77 килограммга чейинки салмакта (грек-рим күрөшү) дүйнөнүн эң мыкты балбандары – Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, PWL чемпиону Роман Власовдун (Орусия) беттеши болмокчу. Ал Акжол Махмудов (Кыргызстан) менен беттешет.

«Көрүүчүлөр эки жылдан ашык убакыттан бери Власов менен Махмудовдун беттешүүсүн күтүштү – эми балбандар менен келишимдер түзүлдү», — деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.