Балбан Акжол Махмудов Кыргызстандын курама командасына 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына төртүнчү лицензия алып келди.
21-сентябрда кыргызстандык спортчу Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал Норвегия, Египет, Өзбекстан жана Япониянын спортчуларын катары менен 4 жеңишке жетишти. Бул жыйынтык ага финалга чыгып, Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берди.
Париждеги Олимпиада оюндары Махмудов үчүн экинчиси болмокчу. 2021-жылы Токиодо өткөн оюндарда кыргызстандык 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон.