Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатындугунда чейрек финалга чыкты. Турнир бүгүн, 10-сентябрда Белградда башталды.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Кыргызстандык биринчи беттеште бразилиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, андан соң Мексиканын өкүлүнөн күчтүүрөөк болду. Чейрек финалда Махмудов Түркиядан барган балбан менен беттешет.

87 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Атабек Азисбеков жеңиш менен баштаганы менен 1/8 финалда Ирандан барган Азия чемпионуна жеңилип калды.