Акжол Махмудов Сузакта өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдешке барды

Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Тазабек Икрамов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, билим берүүнүн мыктысы жана Сузак районунун ардактуу атуулу Икрам Стамкуловдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чарага катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча III ирет өтүп жаткан эл аралык мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Казакстандан жана Өзбекстандан келген спортчулар күч сынашууда. Жалпы 600 спортчу катышкан мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылат.

Аталган эл аралык мелдеш депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси менен өткөрүлүп келет. Бул жолку иш-чарага балбан Акжол Махмудов да барды.