Акжол Махмудов Улуттук олимпиадалык комитеттин спортчулар комиссиясына кирди

Кыргыз Улуттук олимпиада комитетинин комиссиясына 5 ата мекендик спортчу кабыл алынды. Бул тууралуу комитеттин сайтына жарыяланды.

Алар: Акжол Махмудов, Каныкей Кубанычбекова, Максим Гордеев, Денис Петрашов жана Нурсултан Кеңешбеков. Аталган 5 спортчу тең Олимпиада оюндарына катышкан учурдун көрүнүктүү спортчулары. Алардын экөө Улуттук олимпиадалык комитеттин генералдык ассамблеясына катышып, добуш бере алат. Ал эми бирөөсү аткаруучу комитетке кирет. Комиссиянын алгачкы жыйыны июнда өтөрү пландалууда.