Акжол Махмудовдун трикосу 6,5 миң долларга сатылып, аукциондон 26 миң доллар чогулду

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы беттешке кийип чыккан трикосу Ысык-Көлдө өтүп жаткан ”GAMMA REVOLUTION FEST’21” бизнес форумунда аукционго коюлду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги фестивалга катышып жаткан алып баруучу Назира Айтбекова менен байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымында, спортчунун трикосу 6,5 долларга сатылган. Ал эми фестивалга коңшу өлкөдөн келген жеке ишкерлер кошумча акча чогултушкан. Чогулган акчага спортчу миң доллар кошуп, 26 миң долларды кайрымдуулукка жумшайт.

«Чогулган акчанын 60 пайызын жашоо менен күрөшүп жаткан Аруузатка бөлөм. Ал эми калган 30 пайызы кайрымдуулук фонддорго бөлүнөт, 10 пайызы болсо жаныбарларды коргоо фондуна берилет»,- деди спортчу.