Акыркы мүнөттө киргизилген гол! Кыргызстан 1:1 БАЭ (видео)

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын беттеши өтүп жатат.

Оюндун 1-бөлүгү 0:1 эсебинде Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын алдыга чыгуусу менен аяктаган. 

Экинчи таймдын негизги бөлүгү аяктап, калыстар тарабынан берилген 5 мүнөттүн ичинде Кыргыз курамасынын оюнчусу Мерк Кай эсеп сандарды теңеди. Оюн Кыргыз курамасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчуларынын тең чыгуусу менен аяктады.