Алекса Грассо: «Мен Валентина Шевченкого реванш берүүгө даярмын»

5-мартка караган түнү Валентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC 285 турниринде жеңилүү ызасын тартып калган. Ал «тез арада реванш болушун каалайм» деген.

Мексикалык Алекса Грассо Валентина Шевченкого реванш берүүгө даяр. Бул тууралуу спортчу UFC 285 турниринен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык спортчу чемпиондук титулун коргоп, бирок төртүнчү раундда жеңилип калган.

«Мен жашоомдогу эң маанилүү беттеште жеңишке жеттим, колумду көтөрүү үчүн бардыгын жасадым жана эмне болгон күндө да бул күрөштү мөөнөтүнөн мурда бүтүрөөрүмдү билчүмүн. Албетте, мен реванш берүүгө даярмын. Ал узак убакыт бою дивизиондо үстөмдүк кылган чемпион жана биз муну кыла алабыз. Мексикада беттешүү — укмуштуудай болмок», — деди ал.