Алимардон Шүкүров Азия Кубогунда ойнойбу? Расмий жооп

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесине кирген жок. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

«Алимардон Шүкүров азыр курама команданын карамагында. БАЭге каршы контролдук беттеште жаракат алгандан кийин, оюнчу Азия Кубогуна болгон оюнчулардын тизмесине кирген жок. Бирок эгерде ал турнирдин башталышына чейин калыбына келип калса, анда курамда шашылыш алмаштыруу жүргүзүлөт»,- дешти.

Улуттук курама команданын БАЭ менен оюну (0:1) 30-декабрда өттү. Шүкүров 22-мүнөттө атаандашы менен кагышып, бир нече мүнөттөн кийин ал талаадан чыкан.