Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Алмаз Сманбеков жана Бекзат Алмаз улу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште жеңүүчү болушту.
Спортчулар 57 килограммдык салмак категориясында беттешип 1/4 финалдан баштаган. Алтын медаль үчүн беттеште Алмаз Сманбеков жана Бекзат Алмаз уулу күч сынашты. Алмаз Сманбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетишип 1-орунду ээледи.