Алмаз Сманбеков менен Алибек Осмонов Казакстанда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков менен Алибек Осмонов Тараз шаарында (Казакстан) өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

57 килограммга чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ошондой эле 70 килограммга чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште Казакстандын балбанын жеңип, алтын медалды багындыра алды.

Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында (Казакстан) болуп өттү.