28 жаштагы ПСЖ жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилүүчү беделдүү «Алтын топ» сыйлыгына биринчи жолу ээ болду.
22-сентябрда Париждеги Шатле театрында өткөн иш-чарада 2024-25-жылдардагы футбол сезону боюнча мыктылар сыйланды. «Пари Сен-Жермендин» Чемпиондор Лигасындагы жеңишинен кийин башкы сыйлыкка башкы талапкер дал ушул Усман Дембеле болгон. Мындан тышкары, ал өткөн сезондо клубу менен бирге Франциянын чемпионатын, Кубогун жана Суперкубогун жеңип алган. Ошондой эле АКШда өткөн клубдар арасындагы дүйнө биринчилигинде вице-чемпион болгон. Франциянын Вернон шаарында төрөлгөн футболчу бул сезондо 35 гол киргизген.
Дембеле «Алтын топ» алган алтынчы француз болуп калды. Андан мурда бул сыйлыкка Раймон Копа, Мишель Платини, Жан-Пьер Папен, Зинедин Зидан жана Карим Бензема ээ болушкан.