Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов «Неман» клубу менен Беларусиянын кубогун жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.
Беларустун Кубогу үчүн болгон оюндардын алкагында Гүлжигит Алыкулов 5 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип жана 2 ассист берген.