Амантур Исмаилов украиналык атаандашынан жеңилип калды

67kg GR - Amantur Ismailov (KGZ)

Кыргызстандык Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиада оюндарында украиналык атаандашынан жеңилип калды. 

Ал 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып баштаган. Кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен кез келди. Парвиз Насибов Исмаиловду 7:6 эсебинде жеңип алды. 

Насибов финалга чыкса, Исмаилов 8-августта коло үчүн жубатуучу турнирде күч сынашат.