Антонина Шевченко 2-октябрда UFC’нин алкагында беттешке чыгат

Антонина Шевченко 2-октябрда Лас-Вегаста пландаштырылган UFC Fight Night турнирине катышат. Бул тууралуу MMA DNA маалымдады. Анын атаандашы австралиялык Кейси О’Нил болот.

Шевченко UFC’де алты беттеш өткөрүп,  үч жеңишке жетишкен. Май айында ал оор кармашуудан кийин атаандашы америкалык Андреа Лиге жеңилип калган. Кейси О’Нил UFC’де 2021-жылы дебют жасап, буга чейин эки жеңишке жеткен.