Антонина Шевченко эне болду

UFC’ге катышкан кыргызстандык Антонина Шевченко эне статусуна ээ болду.

«Абдан татаал жана укмуштуудай жыл болду. Мен эне болдум. 20 жылдан кийин Шевченко мушкерлеринин кийинки мууну UFC’де жеңишке жетет», — деп жазды ал.

Антонина жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси.