Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эки кыргызстандык спортчу жарым финалга чыкты

Бүгүн Лутраки шаарында (Греция) күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугу башталды. Чемпионаттын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар Сааданбек Ниязов менен Талант Бегалиев жана Арген Бегалиев беттештерин башташты.

Орусиялык спортчу —  Талант Бегалиевдин атаандашы килемге чыккан жок, Арген Бегалиев Молдованын спортчусу Сергей Болгарга утулду (11:0). Сааданбек Ниязов чейрек финалда ирандык менен кез келди.  Жыйынтык 4:2 менен кыргызстандыктын пайдасына чечилди. Талант Бегалиев чейрек финалдагы атаандашы италиялык Доменико Пиччининиге караганда күчтүү болду. Аны 10:0 эсебинде жеңип алды.

Чемпиондук 24-октябрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандан Грецияга алты спортчу жана эки калыс барган.