Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Талант Бегалиев финалга чыкты

Кыргызстандык Талант Бегалиев күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Ал беттештерин бүгүн Лутраки шаарында (Греция) баштады.

Спортчу 70 килограммга чейинки салмак категориясындагы жарым финалда литвалык балбан менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Мелдештин алтыны үчүн ал америкалык Майкл Ли Мадри менен күч сынашат.

Чемпиондук 24-октябрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандан Грецияга алты спортчу жана эки калыс барган.