Аргентина Нидерланддарды утуп, Дүйнө чемпиондуктун жарым финалына өттү

Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалынын алкагында Нидерланддар менен Аргентина курама командаларынын беттеши аяктады.

Командалар «Лусаил Айконик» стадионунда беттешти. Негизги жана кошумча убакыт тең чыгуу менен аяктады – 2:2. Пенальтилер сериясында Аргентина курамасы күчтүүрөөк болду – 4:3. Эми Аргентина Хорватия менен кез келет.