Арстанбек Базаркулов Түркияда өткөн пара жеңил атлетика боюнча турнирде алтын жана коло медалга ээ болду

Кыргызстандык Арстанбек Базаркулов 1-2-августта Болу шаарында (Түркия) өткөн пара жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде 2 медаль — 1 алтын, 1 коло жеңип алды. Эл аралык турнир Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына даярдык катары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.

Арстанбек Базаркулов ядрону түртүүдөн алтын медалга, ал эми найза ыргытуу боюнча коло медалга ээ болгон. Паралимпиада оюндарына биринчи болуп лицензия жеңип алды.