Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты

87kg GR - Asan Kurbanovich Zhanyshov (KGZ)

Бүгүн, 6-апрелде кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Жанышов 87 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдеште чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде ал түркмөнстандык атаандашын ишенимдүү жеңди. Жарым финалдык кармашта кыргызстандык балбан Казакстандын өкүлүн жеңип, финалга жолдомо алды.

Ал эми 7-апрелде чечүүчү финалдык беттеште Ирандын өкүлү Голамреза Фарокхисенжани менен күч сынашат.