Астанада футбол учурунда мушташып кеткен Кыргызстан менен Орусиянын оюнчулары бири-биринен кечирим сурашты

Астанада футбол боюнча блогерлердин мелдешинде Кыргызстандын Top Team командасы менен Орусиянын 2DROTS командасынын оюнчулары мушташып кетишкен. Мушташ оюндун 67-мүнөтүндө эсеп саны өзгөрө электе башталган.

Бүгүн, 5-февралда социалдык тармактарда эки команда бири-биринен кечирим сураган видео тарады. Команданын өкүлү Максат Садырбеков Кыргызстандын командасынын эч кандай дооматы жок экенин, алар 2Drots командасынын атаандаштарын сыйлай турганын билдирди. Өз кезегинде 2Drots командасынын өкүлү командага суроолор жок экенин, бирок судьяга суроолор бар экенин айтты. «Оюн үчүн рахмат!» деди 2Drots командасынын мүчөсү.