“Атамандын” UFC’нин турнириндеги беттеши жеңиш менен аяктады

Бүгүн, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC турнири өтүп, ага катышкан Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Рафаэль Физиевдин беттеши жеңиш менен аяктады.

«Атаман» каймана аты менен белгилүү болгон мушкер бразилиялык Ренато Мойкано менен кез келди. Физиев атаандашынан мыкты болуп, беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашын нокаутка учуратты. Беттештен соң жеңиш ээси бул беттешке өтө көп машыгып, даярданганын айтты.

Рафаэль Физиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына да кайрылуу жасады: «Колдооңуздар үчүн рахмат. Мени ар дайым колдоп келген Кыргыз өлкөмө рахмат. Жакында көрүшөбүз».