Атамбаевдин күйөө баласы Футбол союзунун президенттигине талапкерлигин көрсөттү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине ат салышаарын ырастады. Бул тууралуу ал Фейсбукка жазды. 

Буга чейин Кыргыз футбол союзунун президенттигине эки адам ат салышып жатканы маалымдалган. Биринчи талапкер Семетей Султанов, экинчиси Футбол федерациясынын мурдагы башкы катчысы Медер Сыдыков. 

«Бала кезимден футбол менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү болду. Ишенимдүү түрдө спорттун бул түрү жаныма кубат берип, бул спортко тамырлаш жана тагдырлаш болдум деп таамай айта алам. Футбол Федерациясын жетектеген учурда жетиштүү тажрыйба топтоп, биздин футболду жаңы жогорку деңгээлге алып чыктым. Өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө байланыштуу иштер, кыйынчылыктарга моюн сунбай, максаттарга жетүүгө, дайыма өнүгүүгө өр алууга үйрөттү. Мен кыргыз футболуна кайдыгер эмес жаран катары Кыргызстандагы футболду өнүктүрүп, бул тармакта татыктуу ийгилик жаратып, жаңы баскычка көтөрсөм деген көөдөндөгү аруу тилегим бар. Ошондуктан, мен биримдиктин президенттигине ат салышууну чечтим. Жашоодо канчалык максатыбызга жетүүгө умтулсак, футболдо да жеңишке ошончолук умтулабыз. Ийгиликтерибиз илгерилеп, жеңиштин желеги желбирей берсин», — деп жазды Семетей Султанов.

Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов парламенттик шайлоого барууну чечкенин айтып, кызматтан кеткен.