Атасынын өлүмүнөн соң Диего Марадонанын уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Диего Марадона-кичүүсү, легендарлуу футболчу Диего Марадонанын уулу жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу италиялык журналист Танкреди Палмеринин социалдык тармактагы баракчасына жазганына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, футболчунун уулу коронавирус илдетине чалдыгып, анын өтүшүп кеткенинен улам жандандыруу бөлүмүнө жаткан.

Танкреди Палмери оорунун күчөп кетишине атасынын өлүмү себеп болгонун жазды.

“Тилекке каршы, прессалардын бири Диего Марадона-кичүүсүнө чалып, атасынын өлүмүнө болгон реакциясын сураган. Ал атасы каза болгонун дал ушундай жол менен уккан. Баланы жайына койгулачы” деп жазган ал.

Кошумчалай кетсек, аргентиналык футболчу Диего Марадона кечээ, 25-ноябрда 60 жашында каза болду. Буга байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Легендарлуу футболчу «Барселона», «Наполи», «Севилья», «Бока Хуниорс» клубдарында ойногон. 1977-1994-жылдары ал Аргентинанын курамасында ойноп, 1986-жылы дүйнөлүк чемпионатын утуп, 1990-жылы ушул эле чемпионатта экинчи орунду алган. ФИФАнын сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 20-кылымдагы эң мыкты футболчу болуп табылган.