Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы капитан Авазбек Аманбеков Таиланддын борбору Бангкокто өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
«Авазбек Аманбеков 60 килограммга чейинки салмакта лоу-кик дисциплинасы боюнча күч сынашып, жалпы төрт беттешти өткөргөн. Финалык беттеште аскер кызматчыбыз жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды. Бул жеңиши Ички иштер министрлиги, анын ичинде Ички аскерлердин аскер кызматчылары, жоокерлери үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли үчүн дагы сыймык экенин баса белгилейбиз», — деп жазылат маалыматта.
Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ошондой эле ал Азия жана Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, ушу-санда, кол күрөш жана таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал Кыргыз Республикасынын кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.